Алмазбек Атамбаевдин эки ишенимдүү адамдары Эркин Мамбеталиев менен Икрамжан Илмияновдун тирешип жүргөндөрүнө көп болду. «Эки дөө урушса, ортодо кара чымын кырылат» болуп, бул экөөнүн айынан бир топ адамдар чабылып кетти. «Анын көңүлүн кыялбай, мунун көңүлүн кыялбай тууп койдум уялбай» демекчи, ортодо экөөнүн тең көңүлдөрүн кыялбай алапайын таппай жүргөндөр да бар. Мамбеталиев болсо Көлдө жатат, Икрамжан Илмиянов түштүктө жүрөт. Экөөнүн тирешинен пайдаланып, СДПКнын ичин иритип жиберүүнү көздөгөндөр да толтура. Чынында экөөнүн тиреши айрымдар үчүн чоң утуш болуп жатат. Эми орозо айында экөөнүн башын бириктирип элдештирип коюуну көздөгөн акылдуулар да чыгып жатыптыр. Эми алардын тилине кирип элдешеби же жокпу убакыт көрсөтөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ