Menu

УИАнын кызматкерлерине ардак грамоталар тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңешинде филолог-окумуштууларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен аталган институттун 8 окумуштуусу, ардак грамота менен 18 кызматкери сыйланды. Бул туурасында академиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ардак грамоталар ээлерине ыйгарылып, аталган комиссиясынын чечими менен төш белгилер сентябрь айында белгилене турган кыргыз тили күнү тапшырылмай болду.

Иш-чарада Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев:

“Былтыркы жылдын эсеби менен иштердин 70-80% аткарылды десек болот. Кандай гана тапшырмалар болбосун өз убагында орундатууга, каржы жагына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасап келүүдөбүз. Алдыда Ч.Айтматовдун 3 томдук энциклопедиясын утурлай дагы 7 томдук энциклопедия чыгаралы деген планыбыз бар. Мамлекет тарабынан бизге моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп, ишибиздин бааланып жатканына ыраазычылык билдиребиз” – деп кошумчалап кетти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев жыйында институттун жасаган иштери жана ийгиликтери тууралуу мындай деди:

“Улуттук иденттүүлүктү аныктап туруучу 4 компонент бар: Биринчиси – улуттун тили, экинчиси – тарыхы, кийинкиси – элдин салт-санаасы, маданияты жана төртүнчүсү – аймактык, чөлкөмдүк географиялык баалуулуктар. Силер ошол биринчи компонентке эбегейсиз салымыңарды кошуп жатасыңар. Бул иштеги академик А. Акматалиевдин уюштуруучулук, менеджерлик жана адамгерчилик нарк-насилин баса белгилеп кетишибиз керек. Ошондой эле ушул жерде талыкпай иштеп жаткан сиздердин аракетиңиздердин жыйынтыгы” – деп тилчилерге кайрылуу жасады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: