Menu

Кенекеев өзүнөн башкаларды “кеңкелес” ойлойбу?

Бөлүшүү:

Айрымдардын акылы ушунчалык ашынып кеткендигин көрүп туруп, жакаңды карманып атып, муунуп каласың. Алардын логикасына таянсак адамзатты акыр кыяматтан ошолор гана сактап кала тургандай. Эсеби маселен, Өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев өзүнүн интернеттеги баракчасына: «Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 52-километриндеги көйгөйдүн чечилбегендигине 10жылдан ашык убакыт болгон. «Тай Жорго» деп аталган кичи ашуудагы 325 метр аралыгы сугат суу коммуникациясынын кесепетинен асфальтталбай, айдоочуларга далай ыңгайсыздыкты жайы-кышы түзүп келген эле…» – деген билдирүүсүн жазып чыкты. Кенекеевдин кыйытмасында эчен жылдан бери бүтпөгөн көйгөйдү өзү гана бир заматта чечип коюптур, башкалардын буга алы жетпептир. Ырасында ал айткан көйгөй чечилди. Бирок, Кенекеевдин өз каражатына эмес, мамлекеттик каражатка бүткөнүн коомчулук билет да. Тим эле өз каражатына бүтүргөндөй шаңыраңдаган Даир мырзага таң калбаганда не дейли. Өзү айткандай ошол опол тоодой ишти бүтүрүүдө башында турган Президентти, Өкмөттү бир ооз айтып койгусу жок. Бүгүнкү күндүн «жылаңач баатыры» Кенекеев жок болсо жашоо токтоп калбайбы деги?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: