Menu

Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

А. Атамбаев «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 4-майында аял-пенсионерлерди пенсиялык социалдык камсыздоодо бирдиктүү мамиле жасоону калыптандыруу, ошондой эле «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамдын айрым жоболорун “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө” Мыйзамга   шайкеш келтирүү максатында  кабыл алынган.

Аталган максатта «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамга, тактап айтканда 1,17 жана 26-статьяларына  өзгөртүүлөр киргизилет. Ал өзгөртүүлөрдө  көп жыл эмгек кылгандыгы жана майыптыгы үчүн  пенсияга кошумчалар каралып, «Мать-героиня» жана«Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелердин  эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө кошумчага укуктарын бекемдеген пункттар кошумчаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Өкмөткө  үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзам(2-статья) менен шайкеш келтирүү милдети тапшырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: