Menu

Ноокенде адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишинин бети ачылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын ИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери Ноокен районунда 2014-жылдын башында болгон оор кылмыш ишинин бети ачышты. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

2016-жылдын башында милицияга 2014-жылы 1- январда Ноокен районунун Достук айыл Окмөтүнүн жашоочусу жарандык аялын катуу сабап, өлүгүн жерди казып, көмүп салгандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Адам өлтүрүү фактысын тактоо максатында Ноокен районунун РИИБнын кызматкерлери өткөн жылы ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзүшкөн. Бирок, белгиленген жерден аялдын сөөгү табылбагандыктан шектүү жакты кылмыш жоопкерчилигине жана кылмыш ишин козгоого баш тартылган. 2017-жылы июнь айында бул факт боюнча Жалал-Абад областынын ИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери ыкчам маалымат алгандан кийин, тергөө иши күчүнө кирген.

Божомолдонгон маалымат боюнча 2011-жылдан бери Достук айыл өкмөтүнүн жашоочусу 1990-жылы туулган Т. Н. Өзбекстандын Наманган областынын тургуну 1990-жылы туулган Минаввар аттуу кыз менен жарандык никеде жашап жүргөн. 2015-жылы белгисиз жагдайда жоголуп кеткенде биринчилерден болуп күйөөсүнүн туугандары тынчсызданышып, келинин өлтүрүп коюу мүмкүн экендиги боюнча милиция кызматкерлерине кайрылышкан. 2017-жылы июнь айында кылмыш ишин иликтөө иш-чарасын кайрадан уланта башташкан.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери толук тергөө максатында кранды пайдаланышып, Ноокен районунун божомолдонгон жеринен 5 метр тереңдикте көмүлгөн аялдын сөөгүнүн калдыктарын табышкан. Бул сөөктүн өздүгү такталып, Өзбекстандын Наманган областында 1990-жылы туулган И. Минаввархон экени аныкталды.

Бул факт боюнча соттук-медициналык, жана башка экспертизалар жүргүзүлүп, күбөлөрдүн оорлугунан кийин шектүү жак кылмышка катыштыгы бар экендигин мойнуна алды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, мурда соттолгон Ноокен ройонунун жашоочусу 1990-жылы туулган Т. Н. азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга камалган. Божомолдоо маалыматы боюнча кылмыш иши урушуу учурунда келип чыккан. Кызганчаактыгынын айынан жарандык аялын катуу соккуга алып, кылмыш ишин жашыруу максатында өлүгүн үйүнөн алыс эмес жакка көмүп салган. Бул факт боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: