Menu

АКШ вице-президенти Майк Пенс Орусия иши боюнча өзүнө адвокат жалдады

Бөлүшүү:

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөрдүн алкагында жооп берчү адамдардын катары калыңдоодо. Бейшемби кечинде вице-президент Майк Пенстин бул иште кызыкчылыгын коргой турган жеке адвокат жалдаганы белгилүү болду.

Пенстин ФБРдин мурдагы директору Жеймс Комини кызматтан алуу тууралуу президенттин чечимине тиешеси болгондугу айтылып келет. Трамптын каршылаштары ал чечимди сот адилеттигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу катары сыпатташууда. Коми Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөрдү көзөмөлдөп турган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери атайын прокурор Роберт Мюллердин жетекчилиги алдында уланууда.

Дональд Трамп Комини кызматтан алуу себептеринин териштирилиши мүмкүн экенин жазган The Washington Post гезитиндеги макаланы сынга алды.

“Мыйзамды бузуу менен кызматтык жазышуулар үчүн корголбогон почта аккаунтун пайдаланган атаандашым Хиллари Клинтон сот адилеттигинен кутулуп, менин тергөөнүн объектиси болуп калганым кандай?», — деп жазды Трамп Твиттерге.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: