Menu

Темир Сариев эмгекчилдигин көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июнда, эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортучуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз спортунун даңкын чыгарууга спортчулар зор күч жумшап, спорт аркылуу Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көтөрүп, алар жеткен жетишкендиктер кийинки муундарга, жаш спортчуларга үлгү болуп, патриоттук сезимдерге шыктандырат.

“Өзүңөргө белгилүү болгондой, акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортту өнүктүрүү, ошондой эле спортчуларыбызга дем берүү боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Республиканын бардык аймактарында ар түрдүү спорттук аянтчалар жана объекттер салынып, ишке берилип, спортчулардын стипендияларынын көлөмү өсүүдө”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр билдиргендей, өткөн жылы ата мекендик спортчулар 528 медалга ээ болушту. Анын ичинен 127 алтын, 158 күмүш жана 243 коло медалдар. Ал белгилегендей, бул жетишкендиктер талыкпаган эмгектин жана машыгуунун жыйынтыгы.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн спортчуларына мындан ары да максималдуу колдоо көрсөтүп, спортту өнүктүрүүгө жумшалган каражылоо кеңейет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн өзгөчөлөнгөн спортчуларга Өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен 6-жашка чейнки өспүрүмдөр арасындагы 2017-жылдын Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Чынгыз Султай да сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен:

– Тыныбекова Айсулуу Болотовна – Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюдарынын жеңүүчүсү;

– Изабеков Нурбек Канатбекович – Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

– Анкудинов Андрей Владимирович – Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

– Краковецкий Юрий Олегович – Азиянын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Ислам оюндарынын жеңүүүсү;

– Жолчубеков Каныбек Байбекович – Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, 2017-жылкы грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиону, студенттер арасындагы Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, ошондой эле ислам оюндарынын жеңүүчүсү;

– Евлаев Муслим Мухажирович – Азиянын күмүш медалынын жана Ислам оюндарынын эркин күрөш боюнча жеңүүүсү сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты менен:

– Царев Руслан – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадыгы спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиону жана Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси;

– Кыйлыбаев Жанат – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси;

– Осмонов Алибек –эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси;

– Сулайманкул уулу Туратбек – ушу саньшоу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси;

– Сарбагышев Кылычбек – Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерацисынын башкы катчысы сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш баракчасы менен:

– Мистрюков Сергей – дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Юрий Краковецкийдин жеке машыктыруучусу;

– Таабалды уулу Суймөнкул – эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Евлаев Муслимдин жеке машыктыруучусу;

– Джусупбеков Үзүр – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Ислам оюндарынын коло медал ээси;

– Айсаходжаев Абдухамид – аялдар волейболу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук командасынын ага машыктыруучусу;

– Жамалддин Мусаев – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Догочиев Самат – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Каныбек уулу Оңолбек – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Анкудинов Илья – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Муса уулу Темир – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Чалмашбеков Талгат – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Токтоев Нурмухаммед – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Газинур уулу Дамир – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Идирисов Эмиль – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Сатыбалдиев Асан – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Нуралы уулу Маназбек – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Умаров Доорбек – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Сарбагышев Кылычбек – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону.

– Түгөлбаев Кайрат – Кыргыз Республикасыны эл аралык даражадагы спорт чебери, Ислам оюндарынын коло медалынын ээси;

– Медет кызы Айпери – аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2016-жылкы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону, Ислам оюндарынын коло медалынын ээси;

– Рысмамбетов Бектур – дзюдо боюнча  Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Ислам оюндарынын коло медалынын ээси;

– Гришаева Марина – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Алиева Наиля – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Ильтнер Анастасия – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Самат кызы Алтынай – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Шумкарбекова Алия – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Еволенко Анастасия – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Мирлан кызы Мадина – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Морозова Юлиана – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

– Абдыкадыр кызы Айдана – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

Кадырова Айдай – волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону;

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: