Menu

Өкмөткө «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жаатында сунуштамалар берилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-июнда Жогорку Кеӊеште Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгеси жана Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча кыргыз парламентарийлеринин улуттук комитетинин, ЮНИСЕФтин, Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсынын колдоосу менен «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу өттү. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жыйынга Жогорку Кеӊештин депутаттары, вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жөнүндө учкай маалымат берген вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул мыйзамдын иш жүзүндө так аткарылышы жалпы калктын, анын ичинде энелер менен балдардын саламаттыгына түздөн-түз таасир эте турганын баса белгиледи. «Байытылган ун баалуу заттарды алуунун бирден-бир булагы болуп саналат. Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун, темир жетишсиздигинин деңгээлин, нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70 пайызга төмөндөтөт. Ошондон улам, ага өзгөчө көӊүл буруу зарыл», – дейт ал.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо Кыргызстанда тиешелүү мыйзамдар иштелип чыгып кабыл алынгандыгын, конкреттүү стратегиялар менен программалар дагы бар экенине токтолуп: “Бирок республикада анемия көйгөйү курч маселелердин бири бойдон кала берүүдө”,- дейт.

Парламенттик угуунун катышуучулары «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынганы менен иштебей келе жатканын ортого салышты. Ошону менен катар айрым катышуучулар ундун байытылышынын маани- максаты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жетиштүү деңгээлде түшүндүрүлбөй жатканын дагы айтып чыгышты. Нан унун байытуу адам организминдеги темирдин, цинктин жана фолие кислотасынын жетишсиздигин болтурбоочу бирден бир арзан жана натыйжалуу ыкма экендигине токтолушту. Жогорку Кеңештин депутаттары калк арасына байытылган ундун таасирин кеңири жайылтуу башкы максат экенин баса белгилешти. “Казакстандан өлкөгө байытылбаган ун эч тоскоолдуксуз кирүүдө. Ошентип сырттан 60% байтылбаган ундун кирип, элибиз аз кандуулукка учуроодо”,- деген депутат Экмат Байбакбаев КР Өкмөтү республика аймагына байытылбаган унду өткөрбөө боюнча конкреттүү иш-чараларды көрүшү керектигин айтты.

Жыйынтыгында жыйын катышуучулары тарабынани КР Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аз кандуулуктун деңгээлин жана жаңы төрөлгөн балдардын тубаса ооруларын төмөндөтүүгө, калк арасына байытылган унду пайдалануунун маанисин жайылтууга, сырттан кирген байытылбаган унга тыкыр көзөмөл жүргүзүүгө, «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын контролдоого багытталган сунуштамалар кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: