Улуу Британияда Максим Бакиев менен британ бизнесмени Шон Дейлинин ортосундагы соттук иштин негизги күбөсү – Израилдин жараны Берти Синбети 9-июнда кармалганы ырасталды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Шон Дейлинин өзү жана анын Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон «Гранднтрофи» юридикалык компаниясынын өкүлдөрү тастыкташты. Алардын айтымында, Синбети былтыркы соттук териштирүүгө Максим Бакиев коркутканы үчүн келбей койгонун айткан. Шон Дейли 2006-жылы, ошол кезде “Жерүй” алтын кенин казууга лицензиясы болгон “Oxus Gold” компаниясынын өкүлү катары жүргөндө, Бишкекте кол салууга кабылып ок жеген, үч ай ооруканага жатып чыккан. Дейлинин арызын британ соту былтыр жай айларында карагандан кийин, Максим Бакиевдин бул кылмышка аралашканына далил жок деп таап, аны актаган. Эми кармалган күбөгө ылайык, сот иши кайрадан жанданышы мүмкүн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ