Menu

Өкмөттөгүлөр адам өлгөндө иштейби?

Бөлүшүү:

Биринчи май районуна караштуу Ак Босого жаңы конушунун Чүй 39 көчөсүндөгү электр зымдары адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Электр зымдары карагайда эмес, чириген таяктарда илинип турганына он жылдын жүзү болуптур. Жергиликтүү тургундар арызданса эле өзүңөр акча чогултуп, карагай алгыла дешет экен. Бул эмне деген шумдук? Светке 50 сом карыз болсоң өпкөңдү үзүп туруп алышат. Эмне үчүн электр карагайларын орнотуп беришпейт? Сөзсүз эле кырсык басып жашоочулар токко урунуп өлүш керекпи? Ошондо гана чуркап иштешеби? Куудулдар айтмакчы, көңүл бурдуруш үчүн өлүш керекпи? Акыркы жылдары шамал да абдан катуу болуп жатат. Тигинтип электр зымдары жерге тийип самсаалап жатса, шамалга туруштук бере албай бир күнү чириген таяктар да сынат же кулайт. Кыскасы Чүй-39 көчөсүнүн тургундарын Кудайым өзү эле сактап жатат.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: