Menu

Өкмөттө коррупцияга каршы пландарды ишке ашырууда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жетишээрлик эмес деп табылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 16-июнда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги жемкорлук системасын демонтаждоо боюнча кылдат иштелип чыккан планын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жеңиш Разаков жемкорлук учурлары өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттерин талаптагыдай иштөөсүнө жана аткаруусуна тоскоол болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн антикоррупциялык саясат секторунун башчысы Белек Ахметов маалымдагандай, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги коррупцияга каршы күрөшүү  иш чараларынын планы 2014-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин  жумушчу тобу тарабынан бекитилген (буга чейин Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин коррупцияга каршы планы) анын ичинде 47 антикоррупциялык иш чаралардын планы камтылган.

Андан кийин план 2016-жылдын 1-июнунда Коргоо кеңеши тарабынан актуалдаштырылып, андан 8 ишке ашырылган иш чаралар алынып салынган.

Коррупцияга каршы иш чараларды иш жүзүнө ашыруу планына мониторинг жургүзүүдө 39 иш чаранын 10 (26%) аткарылганы, 20 (51%) жарым жартылай аткарылганы жана 9 (23%) аткарылган эместиги белгилүү болду.

«Аны менен бирге белгилеп кете турган нерсе 39 антикоррупциялык иш чаранын 29 аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен. Кээ бир иш чаралардын мөөнөтү жарым жылдан ашык убакыттар бери аткарылган эмес», – деди Белек Ахметов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев коррупцияга каршы планды ишке ашыруу статистикасына башка мамлекеттик органдарынын аткаруу пункттары терс таасирин тийгизгенин билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде деталдаштырылган планды ишке ашырууда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте маалыматтардын базасын уюштуруу иштери начар болгонун  баса белгиледи.

«Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги коррупциялык системаларды жок кылууга багытталган иш чаралардын планы ишке ашырылбай калууда же органдардын биргеликте иш алып барбаганынан улам жарым-жартылай ишке ашырылган бойдон калууда. Көрсөтүлгөн маалымат коррупцияна жоюуга карата жүргузүлгөн иштердин начар экендигин  далилдеп турат», – деди Жеңиш Разаков.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши боюнча жыйындын соңунда  комитеттин иши жетишээрлик эмес деп табылды.

Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Айбек Асановго коррупцияга каршы күрөшүүдө иш чаралардын планын убагында аткарбагандыгы жана анын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, эскертүү жарыялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү чечими кабыл алынды.

Мындан сырткары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине, бөлүм башчыларына жана структуралык бөлүмдөрунө коррупциялык иш чаралардын Планын ишке ашырууну начар аткаргандыгы үчүн катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: