Menu

Бажы башчыларына ири суммадагы урдоолор боюнча кылмыш иши ачылды

Бөлүшүү:

КР Генералдык прокуратурасы үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде КР Бажы кызматынын айрым жетекчилерине ири суммадагы уурдап-тоноолор боюнча кылмыш ишин ачкандыгын биздин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдирди. Азыр ошол кылмышка тиешеси бар айрым бажы жетекчилери ал кылмыш ишти жабуу үчүн 500 миң доллар сунуш кылып жатышкандыгы айтылууда.

Генералдык прокуратуранын кызматкерлери иликтеп чыккан маалыматтарда 2015-жылдын 11-сентябрында КР Бажы кызматынын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу максатында  “Айхан” жеке менчик фирмасына 750.000. даана (850.000. кг ) терини Кытайдагы Urumchi Qapsan International  Trading  LTD компаниясында кайра иштетүүгө уруксат кагазын беришкен.

Бирок “Айхан” фирмасынын жетекчиси Г.Умарова бул уруксат кагазы тууралу билген да эмес. Анын атынан №25-04-11/6518 номурлуу уруксат кагазын бажы кызматынын жетекчилери менен азырынча аты-жөнү белгисиз шылуундар даярдашкан да товар жогорудагы аты аталган Үрүмчүдөгү компанияга эмес, Алашанку шаарындагы “SUE KE” фирмасына жөнөтүлгөн.

Натыйжада Кытайга 6,5 миллион доллардык  товар мыйзамсыз чыгарылып, мамлекеттин казынасына 167 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй уурдалып кеткен.

Бул фактылар боюнча КР Генпрокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 210; 221; 304- беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген.

Ал кезде, 2015-жылы сентябрда КР Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген. 2016-жылы кызматтан бошогондон кийин, июль айынан тартып, Кыргызстандын квотасы боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын Энергетика жана инфраструктура министри болуп, Москвада иштеп жүрөт. Бирок, акыркы жумада Адамкул Жунусов Бишкекте жүргөнү дайын болду.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: