Menu

Наталья Никитенко, ЖК депутаты: “

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин депутаты Наталья Никитенко баштаган калктын аялуу катмарына көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды жакшыртуу максатында мыйзам иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу тобунун мүчөлөрү 16-күнү Чүй облусунун Москва районундагы “Ак-Ниет” күндүзгү окутуу-калыбына келтирүү борборунун абалы менен таанышышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ал жерде окуп жана саламаттыгына байланыштуу ар кандай дарылоо ыкмаларынан пайдаланып жаткан жарандар менен балдардан кабар алган депутат Наталья Никитенко, “Мамлекет калктын аялуу катмарына жөлөк пул берүү же жардамга муктаждарды интернаттарга жайгаштыруу менен гана чектелүүдө. Тилекке каршы, мындай ыкма алардын толук кандуу коомго аралашуусуна жардам бере албай келет. Тагыраагы, өз үйүндө жакындарынын жанында жөлөк пул менен жашагандар толук билим албай калып жатса, интернатка жайгаштырылгандары жакындарынан алыс калып, ар кандай кыйынчылыктарга кептелүүдө. Андыктан, “Ак-Ниет” борбору сыяктуу күндүзгү окутуу-калыбына келтирүү мекемелерин өлкөнүн баардык аймактарына ачуу менен жергиликтүү бийлик органдарынын бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү максатында атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мерчемделди”, – деди.

Калктын аялуу катмарына, анын ичинде саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана чоӊ адамдарга, кары-картаӊдарга, эмгек мигранттары менен жумушсуз аялдарга көмөк көрсөтүү максатында 2014-жылы ачылган “Ак-Ниет” күндүзгү окутуу-реаблитациялык борбору жалпысынан 158 адамга социалдык кызмат көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен бардык жардамдарды бекер көрсөткөн мекемеде тогуз кызматкер эмгектенет.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде калктын аялуу катмарына көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды жакшыртуу максатында, өткөн жылдын 16-октябрында атайын жумушчу тобу түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: