Түркмөн бийлиги ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгенден бери Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Ашхабаддын “Гүлистан” негизги соода борборунда жашылчанын баасы кайрадан көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар Түркмөнстандын өзүндө бышкан мөмө-жемиштерди сатып алуу мүмкүн болбой жатканына нааразы.
Мамлекет белгилеген баага ылайык, эттин наркы 17,80 манттан (5 доллардын тегереги) ашпашы керек. Бирок базарларда ал 20 манаттан жогору сатылууда.
Соодагерлердин айтымында, баалардын жогорулашы жана маяналардын кечиктирилиши менен кардарлардын саны кескин азайды. “Биз түнү бою уктабай, дүң базарлардан аймактарда өсүтүрлгөн жашылча-жемиштерди сатып алабыз. Андан соң кечке Ашхабаддын базарларында отуруп, кайра сатабыз. Бирок кардарлардын азайышы менен товарлардын теңи бузулуп кетүүдө”,-деди ашхабаддык соодагерлердин бири.
Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы деп кабыл алышкан болчу.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ