Menu

Акыйкатчы Кубат Оторбаев акылдан адаштыбы?

Бөлүшүү:

Акыйкатчы Кубат Оторбаев акылдан айныганбы же суук тийип шамалдап калганбы айтор: «Кылмыштуу топтон жардам сурабасаң журналисттерден кантип өзүңдү коргойсуң?», — дегенди айтып, учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ойго келбеген кырдаал түзүлгөнүн жар салды. Бул туурасында ал: «Журналисттер такталбаган маалыматты жазып жатышат. Мен дагы андан жапа чегип келем. Кылмыштуу топтордун жардамысыз журналисттерден коргонууга мүмкүн болбой калды. Журналисттин өзү менен сүйлөшсөң, акча гана талап кылат», – деп балп этти. Минтип бир кезде өзү эмгектенип, ушул даражага жетишине себеп болгон кудугуна түкүрүп дейди пикирин билдиргени, көзүн такыр май басып, өткөнүн унутканынан кабар берди. Сыягы, башкасын айтпаганда да, өзү КТРди жетектеп турганда ар дайым акыйкат маалымат берчүмүн деп ойлойт го. Чындап акыйкатчы болсо, акыйкаттык үчүн кайсы журналист акча талап кылганын ачык айтпайбы, жөн эле оозун чойбой. Акыйкатчы журналисттерди кылмыштуу топ аркылуу ооздуктоо керек дегени кайсы акылга сыят? Тез арада мындай акылдан айныган акыйкатчынын кызмат ордуна татыктуулугун Жогорку Кеңеш карап баасын бериш керек. Аша чаап кете электе. Балким, эртең кайсы бир журналист менен пикири келишпей каралардан жардам сурап, балээ баштап жиберсе эмне болот? Укук коргойт деген акыйкатчы өзү тескери үлгү көрсөтүп, кооптуу инцидентке жол чаап бергени жатпайбы? Ошондуктан Оторбаев оозуна келгенди оттой бербеш үчүн кызматтан алынууга тийиш.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: