Menu

Президенттикке талапкер көрсөтүү расмий башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан тарта башталды.

Бул жараян 1-августка чейин уланып, 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт. Мыйзамга ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоп, 1 миллион сом көлөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүш керек. Расмий түрдө талапкер болуп катталыш үчүн партиянын көрсөтүүсү керек. Эгер жаран өзүн-өзү көрсөтүп жатса, тиешелүү расмий кагаз толтуруп БШКга кайрылышы зарыл.

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жаштан кичүү эмес жана 70 жаштан улуу эмес, мамлекеттии тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 4-ноябрга чейин жарыялашы шарт. Шайлоону чагылдыра турган массалык маалымат каражаттары 1-августка чейин БШКга кайрылып катталыш керек. БШК президенттик шайлоодогу чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекиткен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: