Menu

Лондондо унаа жөө адамдарды тебелеп, бир киши каза болду

Бөлүшүү:

Лондондун түндүгүндө фургон унаасы жөө адамдарды тебелеп, жыйынтыгында бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жаракат алышты. Учурда полиция тарабынан теракт версиясы каралууда.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Финсбёри-парк аймагындагы “Мусулмандарды камсыздоо борборунун” алдындагы окуя 19-июнда түн жарымда болгон. Кол салууга шектүү катары 48 жаштагы адам кармалып, психикалык саламаттыгын текшертүү үчүн медиктерге жөнөтүлгөнү айтылууда.

Дарыгерлер билдиришкендей, кол салуудан бир киши мерт болуп, сегиз киши ооруканага жеткирилген. Андан сырткары дагы эки адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин Улуу Британиянын Мусулмандар кеңеши Twitter аркылуу окуя Финсбёри-парк мечитинин жанында болгонун кабарлаган. Кеңештин өкүлдөрү унаанын айдоочусу жөө адамдарды атайлап сүзгөнүн билдиришип, бийликти мечиттердин айланасындагы коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырышкан. Бирок кийинчерээк алар кол салуу мечиттин жанындагы “Мусулмандарды камсыздоо борборунун” алдында болгонун кабарлашты.

Севен Систерс Роуд көчөсүндө жайгашкан борбор маргиналдашкан топтор жана этникалык коомдор үчүн социалдык, билим берүү жана даярдоо кызматтарын көрсөтөт

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: