Menu

“Замикем” деп ыйлаган апанын уулу табылды

Бөлүшүү:

Учурда «Албарсты» тасмасы кинотеатрда өз күйөрмандарын чогултуп жаткан кези. Коркунучтуу, мистикалык жанрдагы тасмада башкы ролду Тургунай Эркинбекова жараткан. Эл тарабынан ар кандай сын-пикирлерди жараткан тасманы кинотеатрлардан көрсөңөр болот. Бүгүн биз жаш актриса менен жакындан таанышабыз. Түбү Чоң-Алайдын Сарыбулак айылынан, Кара-Балта шаарында туулуп-өсүп, учурда Эл аралык университетте философия жаатында билим алат. Жана да жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын болгондуктан күтүүсүздөн театрга келип калган.

—Тургунай, «Албарсты» тасмасы коомчулукта өзүнчө эле дууну  жаратып жаткан кези, кандайча тартылып калдың эле?

—«Албарсты» тасмасы үчүн кастингден өткөм. Аталган тасма Нарын областынын Байказак айылында тартылды. Алгач башкы ролго бөлөк актриса бекитилген эле. Бирок анын келбети аталган тасмага, айыл турмушуна жарашпагандыктан ролду мага сунушташты.

—Тартуу учурунда кандай кызыктар эсте калды?

—Суукка карабай аз убакыттын ичинде тартылды. Коркунучтуу жерлерин айтсам, өзүм да корккон жерлери болду. Мүрзөгө кирген жерлери бар эмеспи, ошол боюнча көп сурап жатышат. Кантип коркпой тартылдың, мүрзөгө кантип кирдиң деген сыяктуу суроолор күйөрмандарга кызык болуп жатат экен. Ал жерде атайын киного ылайыкталып жасалган мүрзө болчу. Суук катуу болгондуктан, желим өтүктөн өткөн сууктан ыйлаганга чейин жеткен учурлар болгон.

—Тасма ааламына кандайча келип калгансың?

—Жамал Сейдакматова тарабынан уюштурулган Туңгуч театрына кастингден өтүп, билим алууну чечтим. Негизи учурда Эл аралык университетте философия багытында билим алып келем. Алгач кичи спектаклдерде ойноп келсем, эми киного аралаша баштадым.

—Тушооң кайсы тасмадан кесилди?

—Мен тартылган алгачкы тасма Баткенде тартылган «Илек-илек Лейлек» деген аталыштагы комедия жанрындагы тасма болду Ага жакын арада күбө болосуздар. Ошол тасмамадан кийин чакыруулар түшүп баштады. Мындан тышкары «Уламыштар»  тасмасында роль жараттым. Учурда « кинотеатрлардан көрүүгө болот. Мосфильмден Елизавета Стишованын жетекчилиги астындагы «Сулайман Тоо» тасмасынан дагы талантымды сынаганга аракет жасадым.

—«Албарсты» тасмасындагы актерлор тууралуу айта кетсең?

—Башкы ролдордун бирин жараткан, тасмадагы менин жолдошум кыргыз драма театрынын актеру Данияр Байгожоев болду. Ал да мурда театрда ойноп, тасмада алгачкы жолу  роль жаратты. Тасманын көп жерин театрлаштырып, азил-тамаша менен тартылуу иштери көңүлдүү аяктады. Мындан тышкары кичинекей бала Уландын ролуна Элдияр аттуу бала тартылды. Башында ал коркунучтуу экен, тартылбайм го, коркуп атам деп жаткан. Аны менен жолугуп, баарлашып, акыры көндүрдук. Элдияр менен кийинчерээк тил табышып, көнүшүп кеттик. Тасмада актерлор бири-бирин сезе билүү керек эмеспи. Тасмадагы «балам» экөөбүз достошуп, образды берилүү менен аткарып, көрүүчүлөргө жеткизе алдык деген үмуттөмүн. Негизи өзүң эне боло элек туруп, эненин ролун толук кандуу жаратуу оорураак болот экен.

—Аталган тасмага утурлай эл арасына «Албарсты мени басты, анан мен аны бастым» деген саптары бар видеоролик тарап, талкууга жем таштаган. Аталган видеороликтин тасмага тиешеси барбы?

— Чынын айтсам ошол саптарды камтыган видеоролик биздин менталитетке түк туура келбейт. Анан да анын биздин тасмага эч кандай тиешеси жок деп айтаар элем. Биздин максат «албарсты» деген түшүнүктү кеңири жайылтуу болчу. Көпчүлүккө кызыктуу болуп жатса керек, айта кетейин, алар тасмага тартылган эмес жана аталган видеоролик «Албарсты» тасмасынын саундтреги дагы эмес.

—Чыгармачылыкта кеп-кенеш берген колдоочуң барбы?

—Албетте. Жамал Сейдакматова ар дайым ар тараптан колдоо көрсөтөт, кеңешин берет. Ар бир түшкөн сунуштарга терең ойлонуп, ролду тандоодо жеткире аткара алууңа көзүң жеткенде гана макулдук бергиле деп келет. Анан да келини Асель Чоткараева бизге чыйыр көрсөтөт. Быйыл буюрса театрды бүтүруп жатам, бирок театрдан кеттим деп айтпайм, театрда болом.

—Келечекте кандай ой-максаттар бар?

—Мен кыялкеч адаммын. Алдыга койгон пландар көп эле. Чыгармачылык жактан өсүп-өнүккүм келет. Ошондуктан казак боордоштордон сабак алуу ниетим бар. «Билгенден биле элегиң көп» дегендей үйрөнүү, окуу менен дайыма аракеттин үстүндө болмокчумун.

—Кандай ролду жаратуу кыялыңда?

—Мен өзүм эркек мүнөздүү болгондукган назик кыздардын ролун жаратуу мен үчүн оор болот болушу керек. Кыялымда Жаңыл Мырзадай, Томирис ханышадай эрдик көрсөткөн эр жүрөк кыздын ролун жараткым келет.

—Учурда таланттуу жаштар көп, ошентсе да актриса болуу үчүн кандай талаптар керек?

—Мурда актриса болуу үчүн сөзсүз түрдө сулуу, келбеттүу, билимдүү болуш керек деп ойлогом. Негизи 99,9 пайыз аракет анан бир пайыз талант болушу керек деп ойлоп калдым. Анан да адамгерчилик сапат алдыңкы орунда.

—Алгач киного тартылганда кандай сезимдер болгон?

—Алгачкы кадамымда аябай сүрдөнүп, толкунданып, камера астында кызарып, бир топ эл карап тургандай болуп уяла берчүмүн. Бирок мунун баарын убакыт менен жеңсе болот экен. Адамдын колунан эгер өзү кааласа бардык нерсе келет, азыр көнүп калдым.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: