Menu

Түп районунан 11 кг. ашык баңги заты алынды

Бөлүшүү:

КР ИИМдин Ыссык-Көл жана Нарын областтары боюнча Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, КР ИИМдин Ыссык-Көл облусу боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чыгыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кинологдору менен бирдикте жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында бир күндүн ичинде Түп районунан 11кг. ашык баңги заты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул туурасында Иссык-Көл областынын Басма сөз кызматы.

Алдын ала түшкөн маалымат боюнча, мурда баңги затын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон 54 жаштагы Түп айылынын тургуну К. С. үйүнө тинтүү жургүзгөн мезгилде 10 кг. 350 гр. түзгөн марихуана баңги заты табылып алынды. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4- бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Ошол эле күнү, мурда ээнбаштык кылмышы менен соттолгон, 43 жаштагы Ичке-Суу айылынын тургуну Т. М. үйүн текшерүү учурунда автоунаа токтоткон жайдын чатырына катып койгон 670 грамм марихуана табылып алынды. Кылмышка шектүү катары кармалган адамдар жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил каттарынын негизинде калтырылышты. Жогорудагы фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: