Menu

Надира Нарматова, ЖКнын экс-депутаты: “Акчага баш ийген саясатчы тунук ой жүгүртө албайт!”

Бөлүшүү:

– Саясатка аралашканыңызга кээде өкүнөсүзбү? Кандай учурларда?

– Саясатка аралашканыма мен эч убакта өкүнбөйм. Тескерисинче, Жараткан Аллахыма чексиз ыраазычылык билдиремин. Менин коомдук иштерге аралашкан алгачкы мезгилим 1976-жылы, 17 жашымдан, студенттик мезгилимден башталды. “Курсбюронун” катчысы, “факбюронун” мүчөсү болуп коомдук иштерге активдүү
катышуу менен өз тушоомду кесип, комсомолдук кызматтарда саясий көз карашым калыптана баштаган. 1980-жылдан жогорку окуу жайын бүтүп, өз алдынча эмгек жолумду баштаганда, райондук комсомол комитетинде бөлүм башчылыктан катчылыгына чейин 1988-жылга чейин эмгектендим. 1988-жылдан баштап советтик, партиялык, аткаруу кызматтарында иштеп жүрүп, 2010-2016-жылдын декабрь айына чейин саясый кызматта Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикерлик кызматын аркалап, биротоло саясатка байланып калдым. Саясат мен үчүн жашоомдун негизги бөлүгү болуп калган. Анткени, басып өткөн жолумдагы комсомолдук, партиялык,
советтик, аткаруу жана саясый кызматтарда иштеп, чогулткан турмуштук тажрыйбам өлкө кызыкчылыгына кайдыгер болгонго мүмкүнчүлүк бербейт. Элдин көйгөйү, мамлекеттин кызыкчылыгы мен үчүн, адам катары чоң жоопкерчилик экендигин түздөн-түз милдетим катары жүрөгүм сездирип, эскертип тургандыгын туюп турам.
Шартка жараша, замандын талабына карап, 1995-2010-жылдары, 15 жылдан ашык бизнес чөйрөсүндө, өндүрүштүк жетекчилик кызматта иштеп, карапайым элдин жон териси менен кошо аралашып жүрүп, базар экономикасынын сырларын өздөштүрдүм. 2010- жылдан бери чоң саясаттын арасында аралашып жүрүп, мамлекеттик башкаруу
системасынын чыныгы жүзүн аныктап, тактап ажырата билүүгө, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүнүн сырларын өздөштүрдүм. Бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөлүк милдетти мыйзам чегинде аткаруунун жолдорун толук өзүмө-өзүм ачып бере алдым. Натыйжала өзүмдү “элдин кызымын, элге жасай турган кызматым, кайтара турган милдетим али алдыда” деген жыйынтыка келип: “мен үчүн элдин кызы болуу ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү”- деген бүтүмгө келгенмин. Азыр мамлекет кызмат бербесе деле карапайым эл арасында кайрымдуулук иштерин
жасап, элдин көйгөйүн чечүүгө салымымды ар тараптуу кошуп келе жатамын. Ар кандай ыңгайсыз учурлар болгондо түз мааниде кабыл алып, түз жүргөнгө, ар кандай кырдаалда калыстыктан тайбаганга, бирөөнү жөнү жок сатпаганга, бир бирине тукурбаганга, акыйкатка тике карап, өз позициямды так биллирүүгө аракет жасап келем.

– Саясатчы кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Саясатчы, жетекчи болууда адамда табийгаттан да берилген өзгөчө жөндөмдүү, тубаса талант болушу керек. Анткени, саясатчы жазганды, сүйлөгөндү, ой жүгүрткөндү, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктү, топ жарып сүйлөп, элдин көңүлүн буруп, эркин оюн билдире алган лидерлик сапаттарга ээ болуусу абзел. Акча табышты билип алып эле “саясатчы болгум келет” деп чыга калган бүгүнкү бизнесмен “саясатчылар” жаңылышат. “Чымчык сойсо да, касапчы сойсун”. Бизнесмен бизнесин, жетекчи жетекчилинин, саясатчы саясатын жүргүзүп, өз жоопкерчилигин ар ким өз тармагынын кесипкөй адиси болуу менен табышса, мамлекет чоң бурулушка бурулуп, өнүгүү жолуна түшмөк.

– Кыргыз саясатынын деңгээли “плинтустан ылдый түшүп кетти” деп айтышат, ага ким күнөөлүү, ашыкча саясатташкан коомбу же саясатчыларбы?

– Бул сурооңуз мени ыңгайсыз акыбалга калтырды. “Кыргыз саясаты чындап эле плинтустан ылдый түшүп кетти”- деген сөзүңүзгө бир чети кошулам. Себеби, негизги бийликтин арасында жүргөн саясатчымын  дегендерлин дээрлик 70-80 пайызы саясатчылар эмес. Чыныгы саясатчылар сыртта жүрөт. “Чымчык сойсо да, касапчы сойсун”,- деген макалды жогоруда бекер айткан жокмун. Ар ким өзүнүн кесиптик ишин жасашы керек. Саясатка акчасына ишенип келип алып, анча-мынча акчасын элге барып чачымыш, чай беримиш болуп, сүрмөлүккө салып, окшотуп сүйлөмүш эткендин баары саясатчы эмес. Саясатчы чыныгы мамлекеттик саясаттын багыттары талкууланчу, көз караштардын кагылышуусунун ордосу болгон парламентте өзүн көрсөтүп, таасир берсин. Аткаруу бийлигине багыт берип, көзөмөлдөсүн. Тилекке каршы, саясат деле, башкасы деле, карапайым элдин көпчүлүгү атың өчкүр акчага
байланып ит болдук. Акчага баш ийген саясатчы тунук ой жүгүртө албайт. Адам факторунун аң-сезими, турмуштук тажрыйбанын деңгээли, билими, эл алдындагы аброюу экинчи катарда калып, биринчи орунга жекече  кызыкчылыктардын, акчалуулардын парады чыгып, чыныгы саясатчы кесипкөйлөрдүн сыртта калып
кетишинен улам кыргыз саясаты бүгүнкү күндө эң төмөнкү деңгээлге жеткенин турмуш өзү тастыктап берди.

– Саясий чөйрөнү кантип тазалоого болот?

– Саясий чөйрөнү тазалоонун үч эле жолу бар: биринчи, люстрация жолу, экинчи, партиялык тизмени түзгөндө конкреттүү талаптарды коюу. Үчүнчү, административдик ресурсту пайдалангандарга чара көрүү. Ошондо, парламентке бир үй-бүлөдөн 2-3 адамдын ар партиядан жазылып алып келип олтуруп алышына, бизнесмендердин
келишине, өмүрүндө мамлекеттик кызматта бир саат иштебегендердин саясатка аралашуусуна бөгөт коюлат.

– Аялзаты назик болот эмеспи, анын катаал саясатта жүрүшү эркек саясатчыларга караганда эки эсе оор болсо керек?

– Аял кишинин саясатта жүрүшү оор деп айтуудан алысмын. Аялзатын эркектер өзүнчө эле ээлик кылып, гендердик маселени аялдарга таңуулап, феодалдык көз карашта үстөмдүк кылууга аракеттенишкени өкүнүчтүү. Конституцияда аял-эркек деп жазылган эмес. Гендердик чектөөдө бир жыныстагы адамдар 30 пайыздан кем болбосун деп жазылган. Эгерде аялдар саясатта же парламентте, мамлекеттик жооптуу кызматтарда, аткаруу бийликтеринде көбүрөөк болгондо, мамлекет да утушка көбүрөөк ээ болмок. Анткени, аялдарда эркектерге караганда жоопкерчилик,
сестенүү, тобокелчилике салбоо, элдин көйгөйүн майда-чоң дебей, аңдап билүү ж.б . сапаттан жогору турат. Өзгөчө жоопкерчиликтүү келишет. Коррупциялык иштерге да аялдар сергек мамиле жасашат. Элдин көйгөйүн жүрөгү менен өткөрүшөт. Эркектер үстүрттөн ой жүгүртүшөт. Ошондуктан социалдык көп маселелер аялдар тарабынан демилге көтөрүлгөнү менен, эркектердин кайдыгерлигинен, куру намыстыгынан колдоо таппай келет. Кыргыз аялдары үчүн саясатта жүрүү татаал эмес. Кыргыз кыздарынын канында мамлекетти башкаруүдагы жетекчилик, лидерлик
сапаттар, чечкиндүүлүк, тайманбастык, көрөгөчтүк, акыл карачачтык, сезимталдык, жоопкерчилик сапаттар бар.

– “Аялдар тарабынан көтөрүлгөн маселелер эркектердин куру намысынан колдоо таппайт”- деп айттыңыз, кыргыз саясатында эркек саясатчылардын аял саясатчыларга карата тоготпостук мамилеси кездешеби?

– Биздин саясаттагы айрым кыргыз жигиттери, саясаттагы айымдарды буюм катары карап, керек болгондо пайдаланган учурлар тилекке каршы жок эмес. А бирок, өздөрүнө атаандаш болчу күчтүү айымдарды тең ата алып келгенден айбыгышат. Анткени, аларга көптү билген айымдардын көз карашын ылгап, туура эмес жактарды өз учурунда эскертип тургандыгы жакпайт. Буга мисал, бүгүнкү парламенттин акыбалы. 120 депутаттын 17-18%ы айымдар. Анткен менен таасирсиз, коомдо өз орду, позициясы, турмуштук тажрыйбасы жок, саясаттын «с» тамгасы
менен тааныштыгы болбогон, керек болсо мамлекеттик кызматтарда иштебеген, бизнесмендер менен журналисттерди алып келишти. Алар жүрүм-турумдун эмне деген эрежелерин көрсөтүп жатышканына күбө болдук.

– “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат”- деген макалды саясатка ылайыкташтырып, “Жөн жүргөндө баары жакшы, жаман саясатчы кайдан чыгат”- деп койсо да болчудай, саясат адамды өзгөртөбү, же адам саясатты башкарабы?

– Эми бул сурооңуз өтө өзгөчө экен. “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?”. Кайдан чыкмак эле? Бул – “аялды башынан, баланы жашынан” тарбиялап, жолго салыш керек деген накыл сөздүн маанисине жете албай калгандык. Башынан сырын алдырып, үйдөгү кожоюндук ордун сездирбей, үй-бүлөнү башкарып, бир нукка сала албаган эркектин мажүрөөлүгүнөн азоо аялдар чыгат да. Мамлекет деле үй-бүлө сыяктуу. Начар саясатчылар өз деңгээлине баа бербей, “ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт” болуп, акчасынын күчү менен дагы бир башка жекече кызыкчылыктардан улам келип алат дагы, олтурат башы маң болуп. Себеби, кесипкөй эмес. Өз ишин билбейт. Анын адистиги, жөндөмдүүлүгү, орду башка жакта. Келип алган. Арты таза эмес. Бизнесте жүргөн, дагы бир башка чоң кызматтарда жүргөн. Бир нерсе дейин десе, артында “калбыры” бар. Каттуурак үнү чыкса, калбырлары
калдырап кетет. Анан эмне кылсын, жер сүзүп туруп берет. “Өл десең өлүп берем, тур десең туруп берем. Мага тийишпе”,- деп, эки колун көтөрөт да. Жыйынтыгында, өз башына өзү ээ болбосо, өз позициясын билдире албаса жаман саясатчы пайда болот. А жетекчиге так ошондойлор керек. “Кыңк” этирбей, өз кызыкчылыгын иш жүзүнө ашыра алат. Саясат адамды өзгөртөт. Адам саясатты башкара албайт. Саясат адамды башкарып койот. Эгер өз принциби, өз позициясы болбосо, чөйрөнүн таасирине жетеленип кетет.

– Саясатчыларга чекесинен кылмыш иши козголгонун сиз кандай кабыл алдыңыз? Бул сиз айтмакчы, саясий аренадагылардын дээрлик баарынын куйругунда байлаган калбыры бар экенин түшүндүрбөйбү?

-Саясатчыларга кылмыш иши козголуп жатышын мен “калбырларга” байланыштыргандан алысмын. Бул сурооңузга укук коргоо органдары так жооп бербесе, менин так маалыматым болбогондон кийин, көзү ачыктык кылып жооп бергим келбейт. Мен бир нерсени баса айта алам. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, айыбы угузулуп, мыйзамдуу түрдө “күнөөлүү” деп табылгандан кийин, бул саясатчы “кылмышкер, ууру,  коррупционер”- деп коомчулукка жарыяланса мыйзамдуу көрүнүш болмок. Мен ушуну гана айта алам.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: