Menu

Кызматтык иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында тартип бузган ПМБнин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жазаларын алышты

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы мыйзам бузгандарды көзөмөлгө алып жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан мыйзам бузган жана милициянын абройун түшүргөн кызматкерлерден арылууга багыттаган профилактикалык иш чаралар жүрүп жаткандыгы маалымдалган. ИИМ маалымдагандай Министрликтин Өздүк коопсуздук кызматы жүргүгүзгөн ыкчам рейддик иш чаралардын жыйынтыгында жүрүшүндө ИИОнун кызматкерлери спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган фактылар катталган.

2017-жылдын 11 июнунда Бишкекте КРнын ӨККнын жана Бишкек шаардык ИИББнин ПМБнын кызматкерлери жүргүзгөн рейддик иш чарада милициянын прапорщиги И.С “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны мас абалында башкарып бараткандыгы аныкталган. Ошондой эле 13-июнда Ош шаарындагы рейддин жүрүшүндө Ош шаардык ИИБнин ПМБнын кызматкери милициянын прапорщиги Н.Э “Ниссан-Альмера” үлгүсүндөгу унааны мас абалында кызматтык кийими менен башкарып бараткан.

Аталган фактылар боюнча Өздүк коопсуздук кызматы мыйзам бузган кызматкерлерге кызматтык иликтөөлөрүн жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Чүй облустук ИИББнин ПМБнын жана Ош ШИИБнин ПМБнин жетекчилерине кол алдындагы кызматкерлердин мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн сөгүш берилген. Чүй облустук ИИББнын ПМБнын кендже инспектору милициянын прапорщиги И.С жана Ош шаарынын ИИБнин ПМБнын кызматкери милициянын прапорщиги Н.Э мас абалында транспорттук каражатты башкаргандыгы жана мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Өздүк коопсуздук кызматы тарабынан маалымат агенстволорундо жарыяларган курулуш каражаттарын кызматтык унаасында ташып бараган маалымат боюнча дагы кызматтык иликтөөлөрүн жүргүзгөн. Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында ИИМдин буйругу менен кызматтык эрежесин бузган кызматкерлерге сөгүш берилип, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине өздүк курамдын ишин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: