Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети бекитилбей, муниципалдык ишканалар кыйналса да өнөр жай ишканалары кадимки ир ыргагын бузушпай, жылдын алгачкы беш айдынын план-тапшырмаү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди, – деп маалымдайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Анын айтымында, быйылкы январь-май айларында шаарда 1 миллиард 378 миллион 800 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 236 миллион 558 миң сомго көптүк кылат. Ошентип, өткөн жылга караганда өсүү темпи 120,7 пайызды түздү.
Бирок, С. Умаров өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмү жагынан бир аз жетишпестиктер бар экенин жашырган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ