Menu

Адамкул Жунусов соодалашып жатабы?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура ушул жылдын 13-апрелинде Бажы кызматынын айрым жетекчилерине ири суммадагы уурдап-тоноолорго байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бирок маалымат коомчулукка ачык жарыяланган эмес, Сыягы, соодалашуу жагы көздөлгөн көрүнөт. Дегенибиз, учурда ошол кылмышка тиешеси бар ай­рым бажы жетекчилери кылмыш ишти жабуу үчүн 500 миң доллар сунуш кылып жатышкандыгы туурасында имиштер маалымат каражаттарында жазылды. Эмесе козголгон кылмыш ишинин себептерине учкай токтоло кетели.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери 2015-жылдын 11 -сентябрында КР бажы кызматынын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу максатында “Айхан” жеке менчик фирмасына 750.000. даана [850.000. кг) терини Кытайдагы “Urumchi Qapsan International Trading LTD” компаниясында кайра иштетүүгө уруксат кагазын беришкен. Бирок “Айхан” фирмасынын жетекчиси Г.Умарова бул уруксат кагазы тууралуу билген да эмес. Анын атынан 25-04-11/6518 номурлуу уруксат кага­зын бажы кызматынын жетекчи­лери менен азырынча аты-жөнү белгисиз шылуундар даярдашкан да, товар жогорудагы аты аталган Үрүмчүдөгү компанияга эмес, Алашанку шаарындагы “SUE КЕ” фирмасына жөнөтүлгөн. Натыйжада Кытайга 6,5 миллион долларлык товар мыйзамсыз чыгарылып, мамлекеттин казынасына 167 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй уурдалып кеткен.

Бул фактылар боюнча КР Генпрокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 210; 221; 304- беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген. Ал кезде, 2015-жылы сентябрда Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген. Ал Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоо өткөндөн соң 2016-жылы кызматтан бошоп, июль айынан тартып, Кыргызстандын квотасы боюнча Евразиялык экономика­лык комиссиянын Энергетика жана инфраструктура министри болуп Москвада иштеп жүрөт. Козголгон кылмыш ишине байланыштуубу же дагы башка себептерден уламбы, Адамкул Жунусов акыркы кездери ат тезегин кургатпай Бишкекке каттап калганы кеп болуп жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: