Menu

Игорь Чудинов Кыргыз мамлекети үчүн ыйыкпы?

Бөлүшүү:

Эмнеге катар-катары менен кылмыш иши козголуп, жеп-ичти деген жарлык тагылганына карабай «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов камалбай, ээн-эркин сайрандап жүрөт деген суроого коомчулук жооп таба алышпай бушайман. Мына Бакиевдин камчысын катыра чаап, премьер-министр болуп үлкөн кызматты аркалап турганда Карганбек Самаковго айыл чарба жерин «трансформация» кылып бергени үчүн кылмыш иши козголду, жакында Акылбек Жапаровго жеке менчик МИС ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш ишинде дагы төбөсү көрүнүп кылмыш иши козголду. Бирок Чудинов колуңардан эмне келет дегенсип тоготкон жок. Камалчу жерде экенине карабай, Жогорку Кеңештин бийик трибунасында акыл айтып отурат. Ушул дагы акыйкаттыкпы? Текебаев Маевский деген 1 миллион доллар берген деген арыз менен камалып жатса, бул «кыраан» мамлекетке түздөн-түз ири өлчөмдө зыян келтирип жатканына карабай камалган жок. Же эмне Чудинов кыргыз мамлекети үчүн ыйыкпы?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: