Menu

Исхак Пирматов ак карга болсо да камалышы шарт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго «Кыргызнефти» ишканасынын жетекчиси болуп турганда Максим Бакиев менен жакын ымалада болуп, ишкананы жеке менчикке чыгаруу максатында жасалма банкрот абалына кептеп, мамлекетке 250 миллион сомдон ашык зыян алып келген коррупциялык иш-аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок башы менен жооп бере турган жерде экенине карабай, сайрандап эркиндикте жүрөт. Максим менен тыгыз байланышы дагы деле күчүндө экени, Максим Бакиевдин улутташтырылбай калган Эркиндик бульварында жайгашкан мурдагы «Ала-Too» мейманканасы Исхак Пирматовго ээлик кылган «Кыргыз мунай» фирмасына табышмактуу жагдайда өтүп кеткени далил. Учурда ал жерге көп кабаттуу үй салынып жатат. Кезинде так эле ушундай жагдайда Киев көчөсүндөгү имарат сатылып, экс-депутат Мадылбековдун баласы соттолуп кеткен. Андыктан Пирматов «ак карга» болгон күндө дагы суудан кургак чыкпашы шарт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: