Menu

ЕБ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын даярдайт

Бөлүшүү:

Европа биримдиги Борбор Азия боюнча стратегиясынын 2019-жылдын аягына чейинки жаңы долбоорун даярдайт. Мындай чечим 19-июнда Люксембургда ЕБге мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары тарабынан жактырылды.

ЕБдин Борбор Азия боюнча 2007-жылы кабыл алынган стратегиясы аймактагы мурдагы советтик республикалар — Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен өз ара саясий алакалашуу моделин элестетет. Азырынча жаңы стратегия боюнча конкреттүү эч нерсе чечиле элек болгону менен ЕБдин чет өлкөлүк иштер боюнча кеңеши бир канча тармакты белгилөөдө.

Документте аймактагы адам укуктарына, анын ичинде гендердик маселелерге байланышкан чакырыктарды эске алуу менен Кеңеш кайрадан борборазиялык өлкө башчылары менен укук үстөмдүгү жана адам укуктары боюнча маңыздуу сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүү деп эсептей тургандыгы айтылат. Анда ошондой эле «сырткы жана ички кысымдардан көз карандысыз болгон эркин медиачөйрөнүн болушу» дагы маанилүү экендиги белгиленген. Документке ылайык, ЕБ Борбор Азиядагы ынтымактуу коңшулук алаканы сактоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө салым кошуусу үчүн аймактагы иштерге Ооганстандын жигердүүрөөк катышуусуна жетишүүгө аракет кылат.

Энергетикалык маселелерде ЕБ Азербайжандан Европага газ ташууга арналган Түштүк газ коридорун узартуу милдеттенмесин алат. Андан сырткары документте Брюсселдин өз тажрыйбасын пайдалануу менен Борбор Азиядагы энергетикалык долбоорлорду улантуу, ошондой эле европалык каржы институттары менен болгон инвестициялык кызматташтыкты колдоо ниети бар экени белгиленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: