Menu

Насыя төлөнбөй калган учурда күрөөгө коюлган мүлк базар баасында сатылып, калганы ээсине кайтарылууга тийиш

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Күрөө жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КР Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору талкууланып, депутаттар тарабынан жактырылды.  Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ылайык, «насыя алуучу карызын кайтара албай калган учурда, банктарга же күрөөканаларга насыя үчүн күрөөгө коюлган мүлк соттун чечими менен базар баасы аныкталгандан кийин банктын же күрөөкананын карамагына алынышы шарт» деген жобо киргизүү сунушталган.

Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, банктарга же күрөөканаларга насыя үчүн күрөөгө коюлган мүлк соттун чечими менен банктын же күрөөкананын карамагына алынышы керек деген эрежеге көпчүлүк банкттар каршы чыккан. Алар насыя берүү учурунда насыя алуучунун макулдугу менен келишимдин негизинде гана күрөөгө мүлк коюларын жана насыя кайтарылбай калган учурда банктын же күрөөкананын менчигине алына тургандыгын жүйө келтиришкен.

Андыктан, талаштуу жагдайларда гана соттук кийлигишүү болору эске алынып, аталган эреже мурдагысындай калтырылганын айткан депутат:  “Ал эми жаӊы мыйзамга ылайык, насыя төлөнбөй калган учурда күрөөгө коюлган мүлк базар баасында сатылып, карыз жабылгандан кийин, арткан акча насыя алуучуга кайтарылышы зарыл”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: