Menu

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга Өзгөн,Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июнда, жумушчу кеңешме өткөрүп, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда орун алган табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, жыл башынан бери катталган табигый кырсыктар өткөн жылдагы көрсөткүчтөн көп болгон, буга апрель-май айларында Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда орун алган жер көчкү жана жер титирөөлөр күбө болуп саналат.

Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет эскерткендей, Өкмөттүн негизги милдети табигый кырсыктардын алдын алууда кечиктирилгис иштерди жүргүзүү  жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Премьер-министрдин  Ош облусунун Өзгөн жаан Чоң-Алай райондорундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү тапшырмасы боюнча буга чейинки аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Кубатбек Боронов белгилегендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүүдө.

Ал маалымдагандай, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине Өзгөн районундагы жабыркагандарга 25млн 489 миң сом жана Чоң-Алай районундагы жабыркагандар үчүн 24млн 197 миң сом чогулган.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаров,  Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Жумагуль Эгамбердиева жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы  Айбек Калиев өздөрүнүн ведомстволору боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшү тууралуу маалыматтарды беришти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  жабыркаган аймактардагы социалдык объектилерди тез арада калыбына келтирүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилеп, аталган маселе боюнча Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Мындан тышкары Өкмөт башчы жабыркаган райондордогу  орун алган кырсыктын кесепеттерди жоюу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи.

Финансы министрлигине бардык зарыл болгон акча каражаттарды өз убагында бөлүүнү толук көлөмдө камсыз кылууну тапшырды.

Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жабыркаган аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Турак үйлөрдүн документтерин алууда же калыбына келтирүүдө орун алган кемчиликтерге байланыштуу  мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине катуу чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга мамлекеттик каттоо кызматынын ишин дыкат текшерүү тапшырмасы берилди. Эгерде турак жайлардын документтерин алууда же калыбына келтирүүдө кемчиликтерди аныктаган фактылар болгон учурда, катуу жаза чаралары кабыл алынат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна республикадагы ар бир райондор боюнча жаратылышы кырсыктарынан турак-жайларын камсыздандыруу жүрүшү тууралуу  ар дайым туруктуу негизде  маалымдоо,  Билим берүү жана илим министрлигине жабыркаган аймактарда окуу жылынын башталышы менен окуу процессесин үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: