Menu

Кимдин-кимдин заманы, КСДПчылардын заманы

Бөлүшүү:

Бул партиянын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште депутат экенине карабай, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгат. Кааласа бакыйган министрлерди келесоого теңеп, тал-чыбыктай буралган кыздарды кордотуп, “кетем” деп коркутушат. Ал эми “балык башынан сасыйт” дегендей алар “үлгүнү” “аташкасынан” алышат. Президент Алмазбек Атамбаев ажо экенине карабай айрымдарды ашатып, оозуна эз боло албай калат.

“Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” демекчи, башчыларынын мындай жоруктарын көргөн КСДПнын өкүлдөрү жөн турмакпы, алар керек болсо кеп менен гана айтып койбостон кара күчкө салып, муштуму менен далайларды коркутуп коюшат экен. Сөзүбүз куру болбошу үчүн Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылынын айыл өкмөтү Алмаз Абдукаримов жана орун басары Улугбек Кадыров чоң муштум болуп кеткени тууралуу кабарга көңүл буралы.
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтү жерлерди сатып жаткандыктан жергиликтүү бийликтин отчетун “канааттандырарлык эмес” деп тапкан. Буга каарданган айыл өкмөттүн орун басары жана анын тарапташтары айылдык кеңештин төрагасына кол көтөрүп, коркутууга өтүшкөн.

“Айыл өкмөтүнүн ишенгенн КСДП болууда. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Улукбек Кадыров жакшы иштей албай эле муштуму менен эл башкарам деп ойлоп жатабы. Айылыбызда ушундай башаламандык орун алууда. Муну көзөмөлгө алган бирөө жарым барбы”, -деп жазат окурман.

Бийликке келип көзүн май баскан Алмаз Абдылазович жана Улугбек Кадыров КСДПга таянып узун кол болуп жатышабы же жер саткандарды коргоп акыйкатты айткандарды кордогон заман келдиби?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: