Menu

КСДПнын зордук-зомбулук менен түзгөн коалициясы канчага чыдайт?

Бөлүшүү:

27-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары да шайланышканы белгилүү. Жыйынтыгында КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партиялары өткөн. Бирок, ушул курамда да шаардык кеңештин ынтымактуу иш алып кетиши күмөн туудурат.

19-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарына аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мандаттар тапшырылды. Ошондон кийин эле Жалал-Абад шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы түзүлгөндүгү тууралуу маалымат келди. Көрсө, КСДП, “Республика”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары биригип, “Жаңы багыт” коалициясын түзүшүптүр. Жергиликтүү КСДПнын лидери Абдилбает Мамасыдыков жаңыдан түптөлгөн “Жаңы багыт” коалициясы шаар мэрлигине Салайдин Авазовдун талапкерлигин көрсөтүшөрүн жана аны көпчүлүктөгү 18 депутат колдоорун ачыктады. Бирок, шаардык кеңештин төрагасы жана мэрди шайлоо үчүн 21 депутаттын колдоосу керек экенин эстен чыгарбоо керек. Дагы үч адамды кайдан алышат? Калган эки фракцияны карашса, ал жакта “Өнүгүү” менен “Ата-Журт” биригүү тууралуу билдирүү беришти. Алар башка фракция депутаттарына кайрылуу жасап, ынтымактуулукта жана биримдикте иштөөгө чакырышты: “2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодо саясий партиялар бир пикирге келе албастан, сессияларга чогула алышпай, шаардык кеңеш тарап кеткендигин эске алып, шаардык кеңештеги саясий күчтөрдү биригүү менен, ынтымакта иштеп, чечилбей жаткан маселелерди, шаардыктардын мүдөөсүн, сунуштарын тез арада чечүүнү сунуштайт. Алты айдан ашык бекитилбей жаткан шаардын бюджетин кабыл алуу менен шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошкусу келген ар бир саясий партия, өздөрүнүн кызыкчылыгынан элдин, шаардын кызыкчылыгын өйдө коюп, биргеликте иштейт деген үмүттөбүз. 2017-жылдын 28-майы күнү болуп өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу менен элдин ишенимине ээ болуп, жеңишке жетишкен саясий партияларды (КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика”) шаардын келечегин талкулоо, алдыда коалиция түзүүдө жана шаарды гүлдөп-өстүрүүдө чогуу аракетенип иштөөгө чакырабыз!”.

Эми шаардык кеңештин кийинки тагдыры кандай болот? Биримдикке келе алышабы же адатынча таркап, кайра шайлоо болобу?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: