Menu

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Президенттикке мен да чыгам, а силер мультимиллионерлерди эле жазып жатасыңар”

Бөлүшүү:

-Сиздин президенттик шайлоого катышарыңыз тууралуу имиштер тарады, бул канчалык деңгээлде чындык?

– Имиш эмес эле бул чындык. Президенттик шайлоого катышабыз деп Кыргызстанда биз биринчи айтып чыкканбыз. Бирок,эмнегедир массалык маалымат каражаттарда мультимиллионерлердин гана ысымдары айтылып келип жатат. Алардын баары быйыл президенттикке коёбуз деп айтышса, былтыр 2016 жылы 9-октябрь күнү Кыргызстандын туңгуч саясий партиясы – ЭрК партиясынын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу курултайында “президенттик шайлоого лидерибиз катышат” деген чечимди кабыл алышып, шайлоого алып чыга турган программаны да бекитип беришкен.

-Кандай максат менен президенттикке аттанып жатасыз?

– 1991-жылдан бери океанда навигатору жок кемеге окшоп сүзүп келе жаткан Кыргызстанымды талкалоочу чоң толкундардан сактап, ал кеменин капитаны катары “алдилеттүү мамлекет, ыймандуу коом” деген портко алып келгим бар. Эгерде мурдагы капитандардын кудурети, эрки жетишпесе , Кудайым колдоп чечкиндүү эрким менен баардык кыйынчылыктардан өлкөбүздүаман-эсен алып чыгып, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуп коюуга кудуретим жетет.

Саясатка 1991-жылдан бери аралашып жүрөм. ЭрКтин лидери, Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен), республикабыздын № 1 “Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси”  рангын алган дипломат катары мекенчилдигимди, чынчылдыгымды, берген убадаларыма турууну, жумушумду так аткарууну жана элим менен дайыма бир жана жакын болгонумду сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдеп бергем.

– Жеңишке жетишем деп ойлойсузбу?

-Эгерде парламенттик шайлоолордун эң тазасы 1995- жылы, анан тазалыгы боюнча ага жакындаган шайлоо 2010-жылы өткөн болсо, бүгүнкү күнгө чейин бир да президенттик шайлоо таза өткөн эмес.Мен Гиннестин рекорддор китебине кире тургандай эле болдум. 2009-жылдагы президенттик шайлоодон тышкары, баардык шайлоолорго такай катышып жүрдүм. Бирок 1995-жылы зарыл болгон 50 миң адамдын колунун ордуна 58 миң кол топтосом да БШК мени шайлоодон четтетип салган.

Ошондо жаш саясатчы катары оппозициялык үч талапкерге ишенимдүү адам болуп жүргөм. Алар: Апсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов жана Мамат Айбалаев.

2005-жылы болсо адаттагыдай эле административдик ресурсту колдонуп, жасалма жол менен добуштарды сатууну колдонушуп, мага экинчи орунду “жазып коюшуп”, шайлоону бир тур менен “бүтүрүп” коюшту. 2009-жылы болсо БШКдан шайлоого катышам деген арызымды алдыртышып Малайзияга элчи кылып жөнөтүп жиберишкен….

Таза шайлоо өтсө жана Аллахым насип этсе, албетте, жеңишке жетишем. Элимдин көйгөйлөрүн жакшы билем. “Ток ачтын кадырына жетпейт” дегендей мен бар нерсеге ыраазы болуп жашаган пендемин, мультимиллионер эмесмин, эл кандай жашаса , мен дагы эл катарындамын.

– Президент болуп калсаңыз эң алгач кайсы маселени чечүүнү колго алат элеңиз?

Жалгыз жүргөн саясатчы эмес, а Кыргызстандын тунгуч саясий партиясынын лидери катары партиямдын программасын ишке ашырам. Курултайда бекитилген программанын аталышы: “Адилеттүү мамлекетке жана ыймандуу коомго элибиздин руханий, адептик, маданий жана диний кайра жаралуусунун негизиндеги 9 кадам”.

Кыргызстаныбызды артка тарткан бул саясаттагы жана кадрларды дайындоолордогу коррупция жана трайбализм. Мыкты таза, чынчыл жана ыймандуу инсандарыбыз бар, бирок алардын бирөөсү да бийликте эмес. Эмне үчүн? Себеби алардын туулган жери же урук-уруусу “туура” келбей калып жатат же кызматты ээлөө үчүн пара берүүгө ыйманы уруксат бербейт.

Мына ошолорду Кыргызстаныбыздын ар бир аймагынан жана чет өлкөдө акылы, билими, кесипкөйлүгү менен бутка туруп жакшы ийгиликтерге ээ болгондордун баардыгын эл менен сүйлөшүп Президенттин командасына кошуп жана кадрлардын резервине коюп иштемекмин. Калганы программабызда көрсөтүлгөн.

-Президенттик шайлоо таза өтөрүнө көзүңүз жетеби?

-Шайлоо таза өтөт дегенүмүтүм бар. Биринчиден, Кыргызстаныбыз өтө оор абалда, мындан кийин тышкы карыздарды төлөй албай, элибиз жакырчылыктан жабыркап, акыркы ыңкылапка учурап дефолт болуп мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Ошондуктан бул жолу элибизде өзүн-өзү сактоо сезим ойгонуп шайлоону бурмалаганы каршы туруп берет деген ишеним бар.

Экинчиден, 2011-жылы президенттик шайлоого бир команда болуп барган убактылуу өкмөттүн ынтымагы жана биримдиги жок. Ошондуктан ошол эски командадан бир талапкер көрсөтүлбөй, 3-4 талапкер чыгышы ыктымал. Мындай көрүнүш бийликтин талапкерин алсыздыкка учуратат.

Үчүнчүдөн,  дин душмандары каалайбы же каалабайбы, алардан эч ким сурабай эле калктын басымдуу бөлүгү, өзгөчө жаштардын катмары ислам динине бекем кирди. Бул сапар динге ишеними күч адамдардын добуштары шайлоонун тагдырын чечип коюшу толук ыктымал. Ошондуктан кээ бир талапкерлер Саудияга Умрага барып келишип жатышат, эски диний китептерди белек катары ислам аалымдарга тартуулап жатышат. Бирок элибиз такыба, мусулман менен мунафыктарды ажырата алат.

Төртүнчүдөн мультимиллионерлер өлкөнү жакшы башкара албаганын акыркы 12 жыл көрсөттү. Башында айтып кеткенимдей – “ток ачтын кадырына жетпейт”. Ошондуктан элибиз чириген байлардын акчасын алып анан аларды “кидать” кылып өздөрүнө жашоонун жол-жобосу жана көз-караштары менен жакын бир талапкерди шайлап коюшу толук ыктымал.

 Бешинчиден, шайлоого катуу таасир эте тургандай чоң өлкөлөрдүн бирөөсү жок: Орусия геосаясатында Кытайга, Казакстанга, Өзбекстанга таянып өзүнө жакын 3-4 талапкерден бирин өткөрүп алат. Активдүү мусулман саясатчы катары менден Орусия жана ага жакын аталган үч мамлекет чочулашы мүмкүн, бирок тилимдин учунда эмес, а реалдуу жумуштарым менен анын идеологиялык атаандашы – Америка Кошмо Штаттарынын тышкы жана геосаясатына каршы чыкканымды билишет.

Булак: Каганат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: