Белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Сулайманкулов Какин Сулайманкулович дүйнө салды. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.
Какин Сулайманкулович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” сыйлыгынын ээси болгон.
УИАнын жалпы эмгек жамааты көрүнүктүү илимпоздун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ