Menu

Ананьеводогу суюлтулган газ баллонун саткан жай май айында эле жабылган

Бөлүшүү:

9-июнда саат 17:22 чамасында 101 кызматына Ананьево айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан газ толтуруучу жай өрттөнүп жатканы жөнүндө кабар келип түшкөн.

Кырсыктан сегиз адам ар кандай күйүк жаракаттарды алып, жетөө Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жактырылган. Ал эми бир адамга жеринен жардам көрсөтүлүп үйүнө жөнөтүлгөн. Жаракат алгандарын экөөнүн денесинин 45 пайызы, калган бешөөнүн 60-90 пайызы күйгөн. Мындан сырткары 52 жаштагы киши менен 10
жаштагы баласы экөө каза болгон. Өрттүн кесепетинен 30 тонналык жана 10 тонналык бочкаларда жаракалар пайда болуп, ал жерден газ чыккан. Кырсыктан 30 тонна цистернасы менен ДАФ унаасы, РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа, Газель унаасы цистернасы менен, бир женил унаа күйгөн. Бул кырсыктын себебин иликтөө боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча, суюлтулган газ баллонун саткан жай май айында эле жабылган. Демек, мыйзамсыз иштетилип, өрт жана техникалык коопсуздук
эрежелери сакталбагандыктын кесепетинен бир үйдөн атасы менен баласы каза болуп, бир нече адам оор абалда жаракат алып отурат. Мындай көрүнүш биздеги жеке менчик чарбалар эч кандай текшерүүдөн өткөрүлбөй, өздөрү каалагандай эле акча жасоо максатында иштей бере тургандыгынын далили эмеспи?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: