Menu

БУУ: «Тажикстанда ММКларга карата болуп көрбөгөндөй кысым байкалууда»

Бөлүшүү:

Адамдардын өз оюн эркин билдирүүгө болгон укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Дэвид Кэй Тажикстан өкмөтүн көз карандысыз журналисттерге жана бийликтин позициясы менен макул болбогон адамдарга кысым көрсөтүүгө айыптап, катуу сынга алды.

Кэй БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында Тажикстан бийлигинин өлкөдө коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо боюнча көрүп жаткан чаралары тескери натыйжа берип жатканын билдирди. Ал өткөн жылы Тажикстанга барып келгенден кийин даярдаган баяндамасында өкмөттү көз карандысыз басылмаларга кысым көрсөтүүгө, маалыматка жетүү мүмкүндүктөрүн чектөөгө жана жарандык коом менен оппозициячыл-демократиялык күчтөргө басым жасоого айыптаган.

БУУнун атайын баяндамачысы Тажикстан учурда жөнөкөй эмес абалда турганын билдирди. Айтымында, тажик бийлигин бир тараптан Ооганстан кооптондурса, экинчи жагынан «Ислам мамлекетинин» тарапташтары сыяктуу аймактык экстремизм өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Кэй өкмөт мындай шартта бийликтин позициясы менен макул эмес адамдарды басуу менен жарандардын укуктарын бузуп, ал болсо коомдун нааразычылыгына себеп болуп жатканын айтты.

«Тажикстанда коомдогу көйгөйлөр тууралуу жазган журналисттер менен көз карандысыз ММКларга коркунуч туулуп жатканына көзүм жетти. Бийлик цензураны күчөткөнүн жашырбастан бир канча веб-сайтты жапкан. Ошондой эле мен Тажикстанда бардык байланыш каражаттары өкмөттүн көзөмөлүндө экенине түшүндүм», – деп билдирди Дэвид Кэй.

Тажикстандын Швейцария конфедерациясындагы элчиси жана өлкөнүн Женевадагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү Жамшед Хомидов Дэвид Кэйдин баяндамасын «бир тараптуу» деп эсептейт. Ал баяндаманын автору терроризмге каршы күрөшүү боюнча Тажикстанда кабыл алынган башка мыйзамдар менен чараларды эске албаганын айтты. «Бул бир тараптуу жана объективдүү эмес баяндама. Анда жалаң бейөкмөт уюмдардын гана көз карашы көрсөтүлгөн. Автор өкмөттүн пикирин эске алган эмес», – деди Жамшед Хомидов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: