Menu

Кремль санкцияларга жооп кылып АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүн токтотту

Бөлүшүү:

Кремль Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннондун ортосунда өтө турган жолугушууну токтотту. Орусия ТИМи бул Вашингтон тарабынан 20-июнда жарыяланган Орусияга каршы жаңы санкцияларга жооп болгонун билдирди.

Москванын Украинадагы ишмердүүлүгүнө байланышкан АКШнын кеңейтилген санкциялары Орусиянын 38 жаранына жана бир катар компанияларына каршы багытталган.

Күн мурун Рябков кырдаалдын өзү 23-июнда Санкт-Петербургда өткөрүү пландалган «сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөкчү болбой жаткандыгын» айткан. 21-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңы санкциялар конструктивдүү эмес экенин жана ага жооп катары “түрдүү варианттар” каралып жатканын билдирген.

8-июнда АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт жолугушууда Москва менен Вашингтондун дипломатиялык мамилелериндеги «кыжырданткан нерселерге» көңүл буруларын айткан. Рябков болсо Шэннон менен санкцияларга кабылган орусиялык дипломатиялык менчик имараттардын айланасындагы абалды талкуулоону пландаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: