Катар-катар кылмыш иштери козголсо да Канатбек Исаев баштагы кайратынан жанбай, Кудай астында күнөөсү жок экенин далилдөөгө бел байлап, бийликтин кысымына туруштук берип, саясаттагы чыйралуу күндөрүн баштан кечирүүдө. Айрым көралбастардын табасы канып, «Канатка кылмыш иши козголду эле канаты кайрылып, тынчып калды, ушуну менен саясаттан четке сүрүлөт» деп жатышкан. Бирок, алардын тилектери таш капты! Жакынкы күндөрү Исаев президенттикке талапкер катары БШКга кайрыла турганы, чоң саясый аренага кайрадан жаркырап чыгышы күтүлүүдө. Азырынча соттун өкүмү чыга элек болгондон кийин ал өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аламан жарышта бактысын сынаганы турат. Канат мырза сергек, өзөктүү жана эр жүрөк саясатчы катары көпчүлүктөн колдоо таап, башка атаандаштардын картасын оңой эле бузганы калды окшойт. Сыягы, аз күндө бул жааттан кызык көрүнүштөргө күбө болобуз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ