Тайырбек Сарпашевдин вице-премьер-министр болуп тургандагы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген кылмыш иши УКМК тарабынан кыскарган. Ал эми Максим Бакиевге тиешелүү Скрябин көчөсүндөгү 1 гектардан ашык жердин сатылышына себепчи болгону боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Ал өткөн жумада кызматынан кеткен. Учурда ичкүптүсүн ачык чыгара албай, нааразычылыгы күчөп атыптыр. Табиятынан Сарпашев айлакер жигит эмеспи, экинчи кылмыш ишин да жаптырып алып, убакыт өткөзүп, анан ыңгайы келгенде гана эсептешчү адамдарына катылса керек. Азырынча коңулдан баш көтөрбөй, ала кеткен «сырдуу компроматтарды» анализдеп, катыра пландарды түзүп аткандыр…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ