Menu

Алмазбек Атамбаевге Сербия Республикасынын Чоң тасмадагы Ордени тапшырылды

Бөлүшүү:

Атамбаевдин Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Сербия Республикасынын Чоң тасмадагы Ордени тапшырылды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Сербия Республикасынын Президенти Томислав Николичтин Жарлыгы менен  ыйгарылган бул Орденге  Президент Алмазбек Атамбаев  Сербия менен Кыргызстандын ортосунда достук мамилелерди  жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого  кошкон өзгөчө эмгеги үчүн татыктуу болду.

Мамлекет башчысына Орденди резиденциясы Москвада жайгашкан  Сербия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Славенко Терзич тапшырып, Сербиянын жетекчилигинин атынан   Президент Алмазбек Атамбаевге өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: