Президент Алмазбек Атамбаев Орусиядагы мамлекеттик сапары учурунда 22-июнда кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда мигранттар президентке суроолорун берип, жооп алышты.
Атамбаев өзү чыгарган чыгармаларына жолугушуунун катышуучуларынын биринин сөзүнөн кийин кайрылып, «Мелодия» фирмасы орус тилиндеги он чакты ыры жазылган дискти өзүнүн демилгеси менен чыгарганын билдирди.
Кыргызстандыктарга дисктерди белек катары берди.
Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин өзүнүн аткаруусундагы бир нече ырын жарыялаган. Мурдараак мамлекет башчы жалпысынан он: беш орус тилиндеги, беш кыргыз тилиндеги ырын жаздырары кабарланган.
20-май күнү интернеттеги YouTube сайтына анын Атамбаевдин “Энекем” аттуу кыргыз тилиндеги ыры жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ