Menu

АКШ ракета келишимдеринин бузулушуна каршы мыйзам долбоорун даярдады

Бөлүшүү:

Демократ конгрессмендер тобу бейшембиде Москва тарабынан орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин бузулушуна каршы аракет көрүү жөнүндө Өкүлчүлүк палатасынын кароосуна мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси жана автору – конгрессмен Адам Смит. Документ коргоо министрлигин Орусия агрессиясына жооп берүүгө багытталган стартегия даярдоого, аны жүзөгө ашырууга милдеттендирет.

Пентагон орусиялык аскер техникасына, анын ичинде учкучсуз учак системасына, электрондук согуш каражаттарына жана алыс аралыкка арналган куралдарга каршы туруу боюнча пландарды иштеп чыгуусу керек.

2018-жылдын 1-апрелине чейин АКШ президенти Конгресстин кош палатасындагы куралдуу күчтөр боюнча комитеттерине ракеталар тууралуу келишимди бузгандыгы үчүн Орусияга санкцияларды киргизүү боюнча план сунуштоосу зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: