Menu

Турсунбеков Президенттикке чыкса, кадыры жагынан бир аз аксабаса, каражат жагынан кыйналбайт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары саясатта өз ордун таба алды. Эл колдоосуна ээ болуп жарк деп чыкпаса да, саясий салмагы артып, жогорку бийлик чөйрөсүндөгү саясатчылар эсептеше турган деңгээлге жетти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин спикери болгону, ар тараптан бышты. Экинин бири болуп, өлкөнүн бир тизгинин чоюп отурат. Амбиция ойгонду. Учурда президент болсом деп дегдей баштады. КСДП Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолгондон бери ичи бышып, өз алдынча аламанга чыгып бактысын сынап көргүсү келип жатканы кеп болуп жатат. Чыкса-чыксын да, өзгөлөрдөн эмнеси кем? Кадыры жагынан бир аз аксабаса, каражат жагынан кыйналбайт. Өз алдынча лидер катары көрүнгөнгө чоң мүмкүнчүлүк. Качанкыга дейре бирөөнүн этегин кармап жүрмөк эле?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: