Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө “Гольф 2” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S3262G номериндеги унааны айдоочусу башкара албай даракты сүзгөн. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызмты билдирет.
Унаанын ичинде эки адам болгон, КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаадага кыпчылып калган эки адамды алып чыгышкан.
Айдоочусу 1987-жылы туулган А. башынан жаракат алып, облустук ооруканасына жеткирилген. Жүргүнчүсү аял (аты-жөнү такталууда) каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ