Menu

Алмазбек Атамбаев Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитов менен жолугушту

Бөлүшүү:

А. Атамбев кечээ, 22-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм  Хамитов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкырстандын  Башчысы Руcтэм  Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди  Уфага келгендиги жана республикага жылуу мамилеси  үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан менен Башкырстандын ортосундагы достук байланыштар  бардык багыттар боюнча улам бекемдеп жаткандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Рустэм Хамитовго кыргыз делегациясын Уфада жылуу тосуп алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип,  Кыргызстан менен Башкырстандын элдеринин ортосунда маданий-тарыхый тыгыз байланыштар  бар экендигин белгилеп өттү.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев менен Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов жолугушууну кеңейтилген курамда өткөрүштү.

Башкырстан Республикасынын Башчысы  кыргыз жана башкыр элдеринин жалпы улуттук тамыры бир экендигин, эки элди түрк элинин бай тарыхы, бирдиктүү руханий маданият байланыштырып тургандыгын белгиледи.

“Бул нерсе башкыр-кыргыз мамилелерине өзгөчө достук, ал тургай  туугандык мүнөз берип турат деп айтаар элем. Биз муну абдан баалайбыз. Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү биздин республикабыз үчүн  тышкы экономикалык чөйрөдөгү эң маанилүү багыттардын бири. Биз бүгүн  соодада, илимде, билим берүүдө, маданият тармагында байланыштарыбызды ырааттуулук менен чыңдап жатабыз”,-деди Рустэм Хамитов.

Анын сөзү боюнча 2015-жылдын март айында Кыргызстанда Башкырстан маданиятынын жана илиминин күндөрү өткөрүлгөнү, өткөн жылдын июнунда Уфада Россия-кыргызстан аймактар аралык V конференциясынын өткөрүлүшү маанилүү окуялардан болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыздар да, башкырлар да алтай цивилизациясынан чыккан бир тууган элдер экендигин белгиледи. “Дал ушундай сапарлар достугубузду бекемдейт. Бизди миң жылдык тарых байланыштырып турат. Бизди жалпы экономикалык жана маданий мейкиндигибиз байланыштырып турат”,-деди Президент. Ушул сыяктуу биргелешкен иш чаралар абдан чоң саясый натыйжа берээрин кошумчалады.”Биз ушул байланыштарыбызды жана  боордоштугубузду сактап калууга милдеттүүбүз”.

Сүйлөшүүлөр  аяктагандан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: