Menu

Жалал-Абадда муниципалдык кызматкерлер сыйланышты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык муниципалдык кызматтарынын кызмактерлери бүгүнкү Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн жана шаар мэриясынын сыйлыктары ыйгарлыды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов шаардагы бардык муниципалдык кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле алдыңкы кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазылык каты, КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн жана төрт кызматкерге шаар мэриясы менен шаардык кеңештин Ардак грамоталары ыйгарылды, айрым кызматкерлер “Муниципалдык кызматтын отличниги” төш белгисине татыктуу болушту.

-Жалал-Абад шаарында акыркы мезгилдерде ар тараптуу алгы илгерилөөлөр болду. Шаардыктарга жакшы шарттар түзүлүүдө. Ушул ийгиликтердин баарында силердин зор эмгегиңер бар, – деди С. Авазов муниципалдык кызматкерлерге карата.

Эске сала кетсек, шаарда ондон ашуун муниципалдык ишканалар бар жана аларда 85 муниципалдык кызматкерлер эмгектенип жатышат. Алардын 59у эркектер болсо, 26сын аялдар түзөт. Бардык муниципалдык кызматкерлердин 98 пайызы жогорку билимдүү адистер болуп саналышат. Алардын арасында 5 киши “Муниципалдык кызматтын отличниги” төш белгисин алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: