Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитов Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Уфада жүргөн Президент Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып чыккан «Манас» эпосун тапшырды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.
Эпосту башкыр тилине Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон.
Чыгармачыл жамаат эпостун поэтикасын сактоого, ошондой эле кыргыздардын үрп-адатын, салт-санаасын өзгөртүүсүз берүүгө умтулган. Адабий эстеликти басып чыгаруу – бир тууган элдердин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салым.
Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстандын Башчысы Руcтэм Хамитовго кыргыз элине тартуулаган баасы чыккыс белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ