Menu

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2017-жылдын 28-февралындагы №39 буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Иш кагаздары менен таанышуунун жыйынтыгында маалым кат даярдалып, 22-июнда министрликте жолугушуу болуп өттү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушууга төрага Н.Ишекеев баштаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү барып, жолугушууну министрликтин статс-катчысы М.Ташболотов жетектеди.

Текшерүүчү топтун маалыматына таянсак, министрликтин кызматкерлеринин 99%ы  мамлекеттик тилде сүйлөй алган, кыргыз тилдүү адистер. Бирок, тилекке каршы, иш кагаздар дале расмий тилде даярдалып жатат. Мисалы: 2016-жылы министрликтин ички түзүмдөрү менен болгон кат алышуулар 1278 катты түзсө, анын ичинен 1119у (87%) расмий тилде, болгону 159 кат (13%) мамлекеттик тилде даярдалган. Ал эми, 2017-жылдын январынан 25-майына чейин ички түзүмдөр менен 617 кат алышуулар болсо, анын ичинен 523ү (85%) расмий тилде.

2016-жылы министрликке КР Президентинин Аппаратынан, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, КР Жогорку Кеңешинен жана башка мамлекеттик мекеме-уюмдардан жалпы 9821 иш кагаздары келип түшсө, алардын 1995и же 20%ы гана мамлекеттик тилде, ал эми 7826сы же дээрлик 80%ы расмий тилде.

2017-жылдын январь-май айларында мекемеге жалпысы 6187 иш кагазы келип түшкөн. Алардын 5027си расмий тилде болгон (80%).

Статс-катчы М.Ташболотов министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы начар экендигин моюнга алуу менен, мүчүлүштүктөрдү оңдоого сөз берди.

Ушул эле өңүттөгү жолугушуулар жакынкы арада КР Билим берүү жана илим министрлигинде, КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинде, КР Финансы министрлигинде ж.б. министрликтерде болуусу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: