Menu

Шайлоонун кымгуут оюндары башталды, бирок эрежелер дале бүдөмүк бойдон

Бөлүшүү:

Эксперттер БШКнын шайлоо иштерине даярдык жүргүзүүдөгү баш аламандыктарын сындоодо. Алардын жүйөөсү боюнча, шайлоо комиссиясы шайлоо эрежелерин аныктаган жоболорду улам-улам өзгөртүп, чала сабат жасалган документтерин оңдоо менен алек болуп жатат. Алсак, президенттикке аттангандардын талапкер катары катталышы үчүн жарандардан кол топтоо жобосу үч ирет өзгөртүлгөн, мыйзамда талапкер 30 миң кол топтошу керек дегенине карабай, БШК 40 миңдик чек орноткон. Адистердин кескин сынына кабылганда кайра өзгөрткөн. Кол топтоо бланктарында да түшүнүксүз жагдайлар кеп болуп, татаалдантып салышкан. Жарандык активист Динара Ошурахунованын пикиринде “кол топтоо баракчаларынын формаларын абдан татаалдантып, көптөгөн маалыматтарды киргизип салышкан”.

Болгондо да киргизилип жаткан түшүнүксүз өзгөртүүлөр комиссия мүчөлөрүнө отурум жуп башталаарда гана таратылып, алар таанышып чыгууга да үлгүрүшпөй, талкуулоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан добуш берүү менен гана чектелүүдө. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “документтер комиссия мүчөлөрүнө алдын-ала таркатылбай, көбүнчө жыйынга жарым саат калганда же жыйын маалында гана берилүүдө. Президенттик шайлоого байланыштуу жол-жоболордун көпчүлүгүн кечинде алып, эртең менен бекитип бердик” – дейт.

Укук коргоочулар БШКнын документтерди чиелеништирип жатышын айрым талапкерлерге бут тосууга багытталып жатканына байланыштырышат. Ошондой эле, шайлоочулардын тизмесин тактоо, талапкерлердин шайлоо фонду боюнча да суроолор көп болуп жатат.

Президенттик шайлоо кампаниясына старт берилип, талапкер болуп аттанчулар 16-июндан баштап тиешелүү документтерин БШКга тапшыра башташты. Азырынча, талапкер катары камактагы Ө.Текебаев арыз берсе, “Ак-Шумкар” партиясы Т.Сариевди көтөрүп чыкты. Ажолукка аттанам дегендерден Б.Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресстин” курултайын күтүп жатса, “Республика” партиясы 1-июлда съезд өткөрүп Ө.Бабановдун талапкерлигин жылдыраары күтүлүүдө. Ал эми бийликтин КСДП партиясы болсо азыркы премьер-министр С.Жээнбековду талапкер катары сунуштаарын уюмдун саясий кеңеши билдирген болчу. Бирок, партиянын ичинде Ч.Турсунбеков, И.Өмүркулов өңдөнгөн тыңчыкмалар да баш көтөрүп, Атамбаевдин зекигенине карабай өз аракеттерин көрүп киришкендиктен КСДПнын съезди улам кийинкиге жылдырылып келет. Партия ичиндеги таасир талашуу, ымала бузулуу сыяктуу көрүнүштөр суу бетине калкып чыга калган учурлар да болууда. Кийинки билдирүүлөр боюнча КСДПнын төрагасынын биринчи орун басарлыгы ЖК спикери Ч.Турсунбековдон президенттин кеңешчиси, С.Жээнбековдун штабынын башчысы Ф.Ниязовго өттү.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: