Menu

Жумакадыров Сирияга аскер жөнөтүү боюнча жооп берди

Бөлүшүү:

Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде сөз болгон. Бул тууралуу бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

– Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин жазып чыгышкан. Анда Шамановдун Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатканын, акыркы чечим кабыл алына электигин айткан. Мындан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн билдирип чыкты.

Сириядагы адам укугун иликтөөчү борбордун быйыл марттагы баяндамасына караганда, 2011-жылдан берки согушта бул өлкөдө 321 миң киши набыт болгон. Алардын 96 миңи карапайым тургундар, 17 миңден ашууну балдар. ​Сириялык укук коргоочулардын эсебинде алты жылдык согушта кеминде 60 миң киши кыйноолордон жана түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абалдан улам курман болгон. Дагы бир нече миң киши жихадчылардын жана козголоңчулардын түрмөлөрүндө каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: