Menu

«Солчул күчтөр» Чүй проспектисине Сталиндин атын берүүнү сунушташты

Бөлүшүү:

Бишкекте “Коалиция Левых Сил” деп аталган кыймылдын Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү сунушу интернет колдонуучулар арасында кызуу талаш жаратты. Кыймыл көчөнүн атын өзгөртүүгө кол топтоо баштаганын билдирүүдө.

20-июнда борбор шаардын Чыгыш-5 кичи районунун Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен жердеги имараттын дубалында “Сталин проспектиси” деген жазуу пайда болгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык мэриясы жазуу алынганын, бирок кимдер чаптап кеткени аныкталбаганын маалымдады.

Ошол эле күнү “Коалиция Левых Сил” деп аталган кыймылдын Фейсбуктагы баракчасында “Сталин проспектиси” деп жазылган сүрөттөрдү жүктөп, Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү үчүн кол топтоо башталды деп жарыялашты. Кыймылдын өкүлү Амантур Манапбаев “Сталин проспектиси” деген жазууну алар илгенин билдирип, демилгенин максатын мындайча түшүндүрдү:

– Сталиндин атын элге дагы бир жолу эстетүү керек. Эмне үчүн? Себеби анын кыргыз элине кылган эмгеги чоң. Мамлекетибиздин түптөлүшүнө, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңишке салымы чоң. Мамлекетибизде болгон индустриялаштыруу, коллективдештирүү, сабатсыздыкты жоюу, жумушсуздукту жоюу бүт баары Иосиф Сталиндин эмгеги. Ошондуктан негизги максат коомчулукка Сталиндин атын дагы бир жолу эстетүү болду. Анын үстүнө СССР убагында Чүй проспектиси 1937-жылдан 1953-жылга чейин Сталин деп аталчу.

Сталиндин жактоочуларынын сунушу кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга жем таштады. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көпчүлүгү кыргыз интеллигенттерин репрессиялаган режимдин башында турган Сталинге көчөнүн атын ыйгаруу акылга сыйбай турган демилге деп баалап, кескин сындап жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: