Эр-Рияд Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө жаңы парламенттик комплекстин курулушун каржылай тургандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты.
Аталган өлкөнүн Тажикстандагы элчиси Мухаммад ал-Бади Эр-Рияддын курулушка акча бөлөрүн ММКлардан укканын жана ал маалыматтын чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Элчинин айтымында, маалымат каражаттары менен социалдык түйүндөрдө Сауд Арабиясы тууралуу жалган маалыматтар байма-бай жарыяланып турат. «Биз жакында эле Дүйшөмбүдө Ислам медициналык университетинин өкүлчүлүгү ачыла тургандыгы жана Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунда Ислам диний борбору курулаары тууралуу жазган “alarabyia.org” сайтынын маалыматтарын четке кактык. Аталган сайт шилтеме кылган Сауд Арабиясынын Тажикстандагы элчисинин маеги таптакыр болгон эмес», -деп билдирди Мухаммад ал-Бади.
Буга чейин орусиялык жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары тараптар ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Эр-Рияд Дүйшөмбү шаарындагы парламенттик жана өкмөттүк комплекстердин курулушуна $200 млн. бөлө тургандыгын кабарлашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ